Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандагы акыркы окуяларга тынчсыздануусун билдирди. Ал адам өлүмү менен коштолгон учурга кайгыруусун билдирип, бардык тараптарды токтоолукка жана зомбулуктан алыс болууга чакырды.

Гутерриш тараптарды тынч сүйлөшүүгө, Конституциянын чегинде кырдаалдан чыгыш үчүн мунасага келүүгө үндөдү. Уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү маалымдагандай, БУУ учурда түзүлгөн абалдан тынчтык жолу менен чыгыш үчүн бардык аракеттерди колдоого, анын ичинде уюмдун Борбор Азиядагы алдын алуу дипломатиясы боюнча аймактык борбору аркылуу көмөктөшүүгө даяр.