Аймактык салык органдары ишин штаттык режимде улантышууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев жумушчу кеңешмеде билдиргенин мекемеден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Салык кызматынын мүлкүн коргоо максатында борбордук аппаратта жана аймактык салык органдарында графиктин негизинде күнү-түнү нөөмөттө туруу уюштурулду.

«Салык кызматтары, анын ичинде отчетторду кабыл алуу процесстери кадимки режимде иштөөдө. Коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча зарыл болгон санитардык-гигиеналык чаралар күчөтүлдү», — дешти ведомстводон.

COVID-19 илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында жарандарга тейлөөлөрдү Салык кызматынын сайтындагы «жеке кабинеттен» же салык органдарынын электрондук почтасы аркылуу алуу сунушталды.

Салык маселелери боюнча маалыматтарды 116 номеринен алууга болот.