Бүгүн, 7-октябрда Ош шаарынын мэри Талайбек Сарыбашев кайрадан кызматына кайтты. Муну анын колдоочулары Ош шаарынын аятына чогулушуп, кайрадан өз ордуна коюшту. Чогулган элдин алдына чыккан Сарыбашев Мелис Мырзакматов мэрден дагы жогорку кызматка бара турганын айтты.

«Мелис Мырзакматовду сыйлам. Мэр болгусу келсе Ош шаарынын кеңешине кайрылып, мыйзамдуу түрдө алардын добушу менен мэр болсо болот. Анын кызматы мэрден дагы жогорку жакта»,-деди Сарыбашев.

6-октябрь күнү шаардык кеңештин депутаттары Сарыбашовдун ишине ишеним көрсөтпөө тууралуу көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алышкан. Көп өтпөй Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөнкул Төрөкулов өзүн мэр деп жарыялаган.

Төрөкулов менен Сарыбашев бүгүнкү аянтка чогуу чыгып, ымалага келишкенин Төрөкулов өз ыктыяры менен ордун бошотуп бергенин билдирди. Эми Таалайбек Сарыбашев мыйзамдуу мэр болуш үчүн жакынкы күндөрү Ош шаарынын депутаттырынын көпчүлүк добушун алууга тийиш.

Таалайбек Сарыбашов Ош облусунда губернатор, Алай районунун акими болуп иштеген. Ош шаарынын мэрлик кызматка 2018-жылы барган.