Урматтуу кыргызстандыктар!

Урматтуу Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын жана бирикмелеринин лидерлери!

Мен сиздерге кайрылып, суранам. Сиздин чечимдерди жана иш-аракеттерди аныктоочу ниеттериңизди, ошондой эле сезимдер жана эмоцияларыңызды Кыргызстандын жалпы жыргалчылыгын жана коопсуздугун биринчи орунга коюп жумшооңузду суранам. Адилеттүүлүккө жетүүгө болгон умтулууңузду туура пайдаланыңыз, себеби сиздин иш-аракеттерден өлкөнүн гана эмес, ар бирибиздин, балдарыбыздын жана неберелерибиздин коопсуздугу жана келечеги көз каранды. Мыйзамдуу жана укуктук талаага кайтпай, Конституцияны жана мыйзамдарды сактабай, бардык мекендештерибиздин — жөнөкөй жарандардын, дарыгерлердин, мугалимдердин, журналисттердин, аскер кызматкерлеринин, жеке менчик чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн, мамлекеттик мекемелердин жана түзүмдөрдүн кызматкерлеринин — ар бир кыргызстандыктын конституциялык укуктарын эске албай туруп, биз Кыргызстандын коопсуздугун жана көзкарандысыздыгын камсыз кыла албайбыз.

Сиздин адилеттүү мамлекетте жашоого каалооңуз жана умтулууңуз, ошондой эле булар бузулган учурда акыйкаттыкты издеген СИЗДИН УКУГУңуз күмөн саноого жана шек келтирүүгө жатпайт. Бирок бул акыйкаттыкка өлкөбүздүн коопсуздугунун НАРКын түшүнүү менен жетишүү керек. Терс жана кыйратуучу сезимдерди ооздуктабаса, анын залакасы кыргызстандыктардын баарысы үчүн өтө оор болушу мүмкүн.

Ооба, биздин республикада бардыгы жакшы жана идеалдуу эмес. Бирок бир кылка баары жаман да эмес.

Алгачкы эки революциянын — 2005 жана 2010-жылдардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, революциядан кийин Кыргызстан өтө олуттуу саясий, экономикалык жана социалдык толкундоолорду башынан кечирди. Республикабыздын көпчүлүк жарандары үчүн аталган эки революциядан кийинки жашоо жакшырып, оңой болуп кеткен жок. Ушул күндөрү биз үчүнчү революцияны баштан кечирип жатабыз, үчүнчү революция буга чейинки экөөнүн каталарын кайталабаш керек.

4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоого жана анын жыйынтыгы боюнча дооматтар бар. Сиз ага макул эместигиңизди бүт өлкөгө, жада калса чет мамлекеттерге да жеткире алдыңыз.

Жаңы шайлоо мыйзамда белгиленген мөөнөттө өткөрүлөт, анда силер — жаңы саясий күчтөр жана жаштар — силерди көпчүлүк шайлоочулар колдой тургандыгын далилдей алсаңар болот. Ошондуктан, мен республиканын бардык саясий күчтөрүн укуктук талаага кайтып келип, тынч, мыйзамдуу жолду улантууга чакырам. Бир гана өз укугуңарды коргобостон,бүтүндөй республикабыздын жарандарынын, анын ичинде Бишкек шаарынын тургундарынын укуктарын эске алалы. Сизден муну жалпы Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн жасоону суранам.

Мекенибиздин коопсуздугун сактоо жана чыңдоо, өлкөбүздүн бардык жарандарынын жана анын жетекчилеринин ортосундагы түшүнүүчүлүк мамилени өз ара камкордукту камсыз кылуусуз мүмкүн эмес. Андыктан баарыбыз биргеликте кырдаалды тезирээк турукташтыруу, тынчтыкты орнотуу жана жашоону мыйзамдуулукка кайтаруу, ар бир жараныбыздын укуктарын коргоо жана урматтоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайлы.

Ошондой эле, силерден жаштардын мамлекеттик башкарууга, бийликтин бардык бутактарына катышуусуна олуттуу мамиле жасап, тийиштүү көңүл бурууңарды өтүнөм. Жаш муундардын идеялары жана сунуштары, алардын күч-кубаты жана Кыргызстанды күчтүү жана гүлдөгөн өлкөгө айлантууга умтулуусу абдан пайдалуу жана өз убагында пайдаланылуусу кажет. Мамлекеттик башкаруунун татаал жана түйшүктүү жолунда жаштардын потенциалын эске алуу жана колдонуу, алар билим, тажрыйба алууга жана өзүн-өзү өркүндөтүүгө жол ачуу керек. Өлкөнүн келечеги жаштарга таандык, демек, алар такшалып, улуу муундун билимин жана тажрыйбасын алуусуна мүмкүнчүлүк берүү керек жана алар силердин колдоого муктаж.

Кыргызстандын гүлдөп-өсүүсү, элинин бакубат жашоосу үчүн силер акыл калчап, кыраакы жана сабырдуу болоруңарга ишенем.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасы Акыйкатчысы (Омбудсмени)

Токон Мамытов