Социалдык тармактарда мэр Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алманбетованын колуна плакат кармаган сүрөтү тарады.
Анда Гуля Алманбетова “ Шаарга жылуулук керек, Суракматов кызматка кайт!”,- деп жазып алганын көрүүгө болот. Кеңешчинин бул кадамын айрым интернет колдонуучулары колдоого алып, көп кабаттуу үйлөрдө карыялар менен жаш балдар үшүп жатканын жазып калтырышты.
Эске салсак, кечээ, 6-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын жазган.