Шаар бийлиги алдыдагы түнгө даярданып, талап-тоноо жана каракчылык аракеттерин алдын алууну ниеттенүүдө.

Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкуловдун айтымында, жаман оюу болгон мародерлорго карата катуу чара көрүлөт.

«Мен милицияга жана элдик кошуундарга талап-тоноочулукту көздөгөндөргө карата катуу чара көрүүгө чакырам», — деди Алымкулов.

Муниципалитеттин кызматкерлери талап-тоноо аракеттери болорун жокко чыгарышпайт.