Ош облусунда 7-октябрда саат 10:10до күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө Алай районунун Эркечтам айылында 3,5 балл, Нура айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.