Улуттук банк калкты банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги түрлөрү менен камсыз кылуу үчүн коммерциялык банктарга жана банк
эмес финансы-кредит уюмдарына (мындан ары – финансылык уюмдар) 8-октябрдан тарта кайрадан иштеп баштоосун сунуштады.

Улуттук банк эмгек акыларды, пенсияларды, жөлөк пулдарды өз убагында алуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле калкты накталай акча менен камсыз кылуу максатында, өлкөдөгү кырдаалда байланыштуу финансылык уюмдарга саат 09:00дөн тарта 15:00гө чейин иштөөсүн сунуштайт.

«Финансылык уюмдар калкка банктык кызматтардын негизги түрлөрүн көрсөтүү ишин улантат, ошондой эле төлөмдөрдү жана которуу операцияларын улуттук төлөм системалары боюнча гана жүргүзөт. Накталай эмес төлөмдөрдү жана акча которууларды өлкө ичинде жүргүзүүдө, онлайт кызмат көрсөтүүдө коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле банкоматтардын, POS-терминалдар менен төлөм терминалдарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөт», — деп билдиришти Улуттук банктан.

Чек аралык (өлкөнүн чегинен тышкары) төлөмдөрдү ишке ашырууга мүмкүндүк берген эл аралык төлөм системалары боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү Улуттук банктын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин токтотулган.

Улуттук банк финансылык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу маселелер боюнча финансылык уюмдарга алардын онлайн кызмат көрсөтүүлөрү аркылуу кайрылууну сунуштайт. Ал эми финансылык уюмдардын иштөө режими, финансылык продукттар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды алардын интернет-сайттарынан алууга болот.