Бир суткада 159 бейтап илдетти жеңип чыкты

Өлкөдө коронавирус инфекциясынан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы 159у айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.

Бишкек шаары – 17;
Ош шаары – 11;
Чүй облусу – 14;
Ош облусу – 14;
Нарын облусу – 11;
Талас облусу – 10;
Ысык-Көл облусу – 20;
Жалал-Абад облусу – 37;
Баткен облусу – 25.

Республика боюнча илдеттен айыккандардын жалпы саны 43 миң 957 болду.