Мыйзамдуу жана элдик мэр Азиз Суракматов бүгүн, 8-октябрда шаар тургундарынын колдоосу менен өз иш ордуна келип, кайра жумушун баштады. Бул тууралуу мэриянын өкүлү Гүля Алманбетова билдирди.

Мэриянын алдындагы топтолгон эл Суракматовду куттуктап жатканын көрүүгө болот. Чогулган элдин алдына чыгып сүйлөгөн мэр азыр биринчи максат шаарга стабилдүүлүктү орнотуу.

«Шаар азыр оор абалда турат. Алдыда кыш жакындап жылуулук берүү керек. Баш аламандыка жол бербей калаада биринчи орунда стабилдүүлүктү орнотуу керек»,-деди Суракматов.

https://www.facebook.com/1007773832/videos/pcb.10220121030268500/10220121005547882/