Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов облустун күч түзүмдөрү менен координациялык кеңешме өттү.Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Координациялык кеңешмеге облустун улуттук коопсуздук кызматынын, облустук чек ара башкармалыгынын, ички иштер башкармалыгынын жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчылары Баткен районун акими, Баткен шаарынын мэри катышты.

Өкүл азыркы учурда өлкөдө орун алган кырдаалга байланыштуу, облустагы коомдук саясий абалдын туруктуулугун камсыздоо, ар кандай мыйзамсыз иш аракеттерге жол бербөө, чек аралаш аймактарда коомдук коопсуздукту сактоо максатында, күч түзүмдөрүнө күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну улантуу тапшырмасын берди.

Ошондой эле облустагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү, кабыл алынган чектөөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө, дезинфекция жумуштарын, эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча иш алып барууну тапшырды.

Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов кошуна мамлекеттердин чек аралаш Согди жана Фергана облустарынын башчылары менен да сүйлөшүп, чек аралаш аймактагы элдин коопсуздугу, тынчтыгы үчүн биргеликте аракеттенүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Ал эми Баткен облусунун башка бардык район шаар башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшүп, район шаарлардагы абал боюнча маалымат алып, коомдук тартипти көзөмөлгө алууну тапшырды.