Баткенде 5-октябрь түнү Ала-Тоо аянтындагы митингден кийин болгон башаламандыкта каза тапкан 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу бүгүн жерге берилүүдө.

Үмүтбек бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Ал кулак тундуруучу жардыргыч жарылганда катуу жараат алып көз жумган.

Маркум Лейлек районунун Кара-Булак айылында  2001-жылы 15-июнда туулган. Бир үй-бүлөнүн жалгыз баласы болгон. Анын артында 44 жаштагы атасы, 41 жаштагы апасы жана үч карындашы калды.

Белгилүү болгондой, 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон жети пайыздык босого чекти өтпөй калган партиялардын өкүлдөрү жана тарапташтары мөөнөтсүз митинг массалык башаламандыкка айланып, 900дөн ашык адам жаракат алган