Бүгүн, 8-октябрында КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу, күч органдарынын жана укук коргоо органдарынын координатору Өмүрбек Суваналиев БУУ тутумунун координатору, БУУнун коопсуздук маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкери Озонниа Ожиело менен жолукту. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Жолугушууда Кыргыз Республикасындагы азыркы түзүлгөн оор коомдук-саясий кырдаал боюнча маселелер талкууланган. Суваналиевдин айтымында, кырдаалды курчутууга чагымчыл элементтер тарабынан аракеттер болуп жатат. Буга карабастан күч структураларынын жана укук коргоо органдарынын күчү жана каражаттары кырдаалды көзөмөлдөө үчүн жетиштүү.

Ошондой эле Суваналиев күч структуралары жана укук коргоо органдары саясаттан тышкары экендигин белгилеген.

Өз кезегинде Озонниа Ожиело Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандагы түзүлгөн кырдаалга тынчсызданып жатканын белгилеп, коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген. БУУ башкы катчысы Антониу Гутерриш өлкөдөгү болуп жаткан бардык окуялардан кабардар болгондугун жана саясий кризистен эртерээк чыгууну кааларын белгилеген.

Жолугушуунун акырында Суваналиев Озонниа Ожиелого БУУнун көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.