Ондон ашуун аял өкмөт үйүнө батыш тараптан кирүүгө аракет кылышууда. Алардын айтымында, алар бул жерге жер жана насыя маселелерин чечүү үчүн келишкен. Алар белгилешкендей, буга чейин бийлик аларга жардам беребиз деп убада берген, бирок аялдар эч качан колдоо алышкан эмес.

50гө жакын  кире беришти кайтарып тургандар, имаратта эч ким жок экендигин түшүндүрүүгө аракет кылышты.

Эскерте кетсек, Бишкекте төрт күндөн бери ар кайсы жерлерде митингдер өтүп жатат. Садыр Жапаровдун тарапташтары аны премьер-министр кылып дайындоону талап кылышууда.