Алишер Абдрахманов КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү катары толук кандуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Буга чейин 6-7-октябрь күндөрү, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын, убактылуу аркалап турган Бактияр Калпаев ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахмановду мыйзамдуу облус башчысы катары тааный турганын айтып, анын облус башчысы катары ишин улантуусуна каршы эмес экенин билдирди.

Ошондой эле, Калпаев акыркы күндөрү өлкөдөгү орун алган кырдаалга байланыштуу, Баткен облусундагы туруктуулукту камсыз кылууга, мыйзамсыз иш аракеттерге жол бербөөгө чоң жоопкерчилик менен карап, болгон күч аракетин жумшаганын билдирди.

Алишер Абдрахманов, Бактияр Калпаевдин кабыл алган чечими, анын мыйзамды сыйлагандык жана кырдаалды туура түшүнүү менен жасаган аракет катары баалады.

Алишер Абдрахманов менен Бактияр Калпаев облустагы коомдук коопсуздук жана облустун өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири сүйлөшүп, бир бирине жакшылыктарды каалоо менен, алдыда аймакты өнүктүрүүдө жасаган иш аракеттерине колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.