Коом
Кыргызстандын Чек ара кызматына жогорку кызматтагы аткаминерлерди чет өлкөгө чыгарбоо боюнча тапшырма берилди
Кыргызстандын Чек ара кызматына жогорку кызматтагы аткаминерлерди чет өлкөгө чыгарбоо боюнча тапшырма берилди. Маалыматта чет өлкөгө чыгууну чектөөгө «кызыкдар болгон тиешелүү органдар» тарабынан коюлганы айтылды.
Маалыматка ылайык, Чек ара кызматына «КРдин мыйзамдарына ылайык, тиешелүү органдар тарабынан бир катар жактарга өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүсүнө тыюу салуу» боюнча тапшырма берилгендиги айтылган.
Аталган тапшырманы кабыл алып жана аткаруу тартиби өлкөнүн тиешелүү ченемдик-укуктук актылары менен жөнгө салынарын аталган кызматтан кошумчалашты.
Буга чейин Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин орун басары Өмүрбек Суваналиев Кыргызстан чек арасын жапкандыгын жана күч түзүмдөрү абалды көзөмөлгө алганын айткан.