Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңеши Кыргызстандын бардык  жарандарына,  жаштарына кайрылат:

 Бул октябрь күндөрү өлкөдө курч саясий кырдаал орноп, айрым күчтөр бул абалды пайдаланып, туруксуздаштыруу аракетин көрүп, коомдо баш аламандыкты жана мыйзамсыздыкты орнотууга аракеттерин көрүшүүдө.  Алар талап-тоноочулукка аракет кылышып, башка бирөөнүн мүлкүн, кызматын, мамлекеттик  жана жеке обьекттерди басып алууга аракет кылышууда. 

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, биз мурда коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого салымын кошкон ички иштер министрлигинин ардагерлери Кыргызстандын бардык жарандарына, жаштарына кайрылып, мыйзамды бузбоого, мыйзамсыз иш-аракеттерге катышпоого чакырып, бузуулар жанан кылмыштар тууралуу органдарга кайрылууңарды суранабыз.

 Жакынкы күндөрү өлкөдө мыйзамдуу бийлик келип,   коомдук тартип  орноп, өлкө укуктук талаада жашайт деген үмүттөбүз.  Мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандар такталып, тиешелүү жазаларын аларына ишенебиз. Милициянын ардагерлери  өлкөдө тынчтык жана туруктулуук орношуна болгон күч-аракеттерин жумшайт.  Ким өзүн Кыргызстандын патриоту катары эсептесе, мыйзамсыздык менен күрөшүү үчүн укук коргоо органдарын колдоого чакырабыз.

ИИМдин Ардагерлер кеңеши