Бүгүн, 8-октябрдан тартып Садыр Жапаров Кыргыз өкмөтүн башкарат. Бул тууралуу саясаттагы жакын досу Камчыбек Ташиев билдирди.

«Урматтуу Элим! Сиздердин колдоонуздар менен Садыр досумду кабинетине олтургуздук. Элге берген убаданы,достуктун милдетин аткардым,эми бошмун! Чоон рахмат баарыныздарга!»,-деди Ташиев.

Маалым болгондой бүгүн өкмөт үйүндө Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулуп, колдогон митинг өткөрүп жатат. Өкмөт башчынын маалымат кызматы бул боюнча билдирүү тарата элек.