Өкмөттүн Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев өкмөт башчы болуп кызматка киришкен Садыр Жапаровдун премьерлик кызматын тааный турганын билдирди. Бул тууралуу Түлөбаев соцтармактагы баракчасына билдирди.

«Калайык! Мен Садыр Жапаровдун премьер министирлик макамын тааныйм. Ысык көл облусунун өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү катары. Себеби мыйзамдуу жол ушул. Аны азыркы Жогорку Кеңеш шайлаган. Саясатчы мырзалар ахыбал оор, оору күчөп бара атат. Жакында өлүмдөр башталат. Азабы да тозогу да мойнуңарда!!! Люстрация керек. Ордуларыбызды бошотолу!»,-деди Балбак Түлөбаев.