2020-жылдын 1-октябрына карата «балага сүйүнчү» бир жолку төлөнүүчү жөлөкпулун 108 миң 48 адам алган. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга республикалык бюджеттен 400 млн сомдон ашык каражат сарпталган.

Министрликтин маалыматына ылайык, ушул жылы үч эм төрөлгөн 9 үй-бүлө кайрылган. Алардын ар бир баласына 50 миң сомдон төлөнүп берилген.