Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев бийлик, мансап, кызмат талашып жүргөн саясатчыларга өз пикирин билдирип, төмөнкүдөй билдирүү калтырды.

«Суракматов менен Сарыбашевдин кайра келиши туура. Алардын мыйзамы башка. Өздөрүнүн парламенти бар. Биздики башка биз кетишибиз керек. Люстрация. Эми калайык эскилер кетели да, болду да. Эл кал дешти, элден айланайын! Бирок бир үлгү, бир символ, бир баштангыч болуш керек да. Абийир алдында, мыйзам алдында. Бул да элге кызмат. Баардык мурункулар кетели. Жаңы барактан, жаңы убак башталсын. Эл өзгөрүү, алилетүүлүк үчүн көтөрүлдү. Алардын мүдөөсүн аткаралы. Кетели. Жетишет. Токтогула!»,-деди Түлөбаев.