АКШнын Чикаго шаарындагы эмгектенген кыргызстандык мекендештер Кыргызстандагы саясий кырдаалга тынчсызданып, өкмөт башчы катары иштеп баштаган Садыр Жапаровго ишеним арттып, аны колдошту. Чикагодагы мекендештердин кайрылуусун өзгөртүүсүз беребиз.

«Бүгүн АКШнын Чикаго шаарындагы мекендештерибиз менен Кыргызстандагы кырдаал боюнча элге кайрылуу жасадык. Тилекке каршы, жумуш күнү богондуктан көпчүлүк адамдар келе албай калышты. Ал жердеги туугандардын позициясы — өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн, Садыр Жапаровго колдоо көрсөтүү болду. Өзүбүз бара албагандыктан, маалымат жеткирип болсун дагы, моралдык жактан болсо да колдоо көргөзүп коелу деп чечтик.

Эми, бардыгыбыз айтып жатабыз, ЖАШТАР КЕЛСИН деп. Туура! Мен да колдойм! Бирок, эгерде бийликке ЖАШТАР КЕЛСИН десек, бардыгыбыз бир колдон Садыр Жапаровго колдоо көргөзүшүбүз керек. Анткени, бүгүнкү күнгө чейин биз жек көргөн, биз тажаган, биз чарчаган, элдин коз жашын кол кылып, мамлекетибизди талап-тоногон, ач көз, бети жок АЧ КАРЫШКЫРЛАР менен АРЫСТАНДАЙ болуп 7-8 жылдан бери жалгыз өзү күрөшүп келе жатат. Кокустан, Садыр Жапаровдун ордуна, азыркы кабинет талашып жүргөн бузуку саясатчылар келсе, анда ЖАШТАР колубуздагы чон мүмкүнчүлүктү уттуруп, дагы 6-10 жыл баш көтөрбөй, кор болуп жашайбыз. Ошол эле система жана ошол эле «Мамайдын кору» болот.

Садыр Жапаров эч качан эскилерди колдобойт. Тескерисинче, аларды кустуруп, ичкен суусун ирин кылат. Ошондуктан, кечээ эле тытышып жүргөн «кыйындар» бүгүн бардыгы бириге калып Садыр Жапаровго каршы чыгып жатышат. Ойлонгула жаштар! Массалык медиа кызматтарына да абайлап мамиле жасап, терен изилдегиле. Себеби, баарыбыз билебиз, Азаттык-Батыштыкы, НТС-Бабановдуку, Апрель-Атанбаевдики, Сентябрь дагы бироосунуку, КТРК бийликтики жана Россиянын калпычы журналисттери экенин ж.б.у.Акчага жана такталбаган Фейк кабарларга алданбагыла!Создун аягында, Дооронбек Садырбаевдин созу менен бутургум келип турат: «Кайран элим! Белинди бекем бууп чыдагын… Озундун зоокур уулдарына! Озундун зоокур кыздарына!»,-деп билдиришти мекендештер.