Өзбекстандын чек арачылары 9-октябрда кыргыз тарапка мамлекеттик чек араны бузган жарандарды — 1967-жылы туулган Тилек Матраимовду, 1989-жылы туулган Зиябиддинбек Кочкорбаевди жана 1979-жылы тууган Махсуда Ахмедовду өткөрүп беришти. 

УКМКнын басма сөз кызматы берген мааалыматта, бул жарандар 6-октябрда Өзбекстандын чек арачылары тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү учурунда кармалганы айтылат. 

УКМКнын тергөө органдары 9-октябрда КРнын Жазык кодексинин 358-беренеси боюнча чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. 

Учурда кармалгандар УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.