8-октябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары баштаган Дин Башкармалыктын бөлүм башчылары Бишкекте муниципалдык жана мамлекеттик ишканаларды, кафе-ресторандарды, соода борборлорун кайтарууга алган элдик кошуундун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Жолугушууга Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын Аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов, диний окуу жайлар бөлүмүнүн жетекчиси Акимжан ажы Эргешов, үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев ордо калаанын бир катар мекемелерди кайтарууга алган жаштарга барып, насааттарын, кеп-кеңешин айтып, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

«Азыр мамлекетибизге тынчтык, ынтымак аба менен суудай керек болууда. Дин аалымдары өлкөбүз үчүн Жаратканга жалбарып дуба кылуудабыз. Эң чоң байлык-бул эгемендүүлүгүбүз. Ушул берилген нээматты жоготуп албайлы! Эртеңки наристелердин келечегин ойлойлоп, ыйманга келели!»-деди Азирети Муфтийдин орун басары.

Соңунда элдик кошуундун өкүлдөрүнө КМДБ тарабынан атайын кемселдер таратылып берилди.