Өлкөдөгү баш аламандыктан улам кызматка келген кызматкерлерди  кууп чыга башташты. Бүгүн УКМКга жетекчилик кызматка өзүн өзү шайлап келип алган Өмүрбек Суваналиевди  ал жердеги  жамаат кетүүгө мажбур кылып, кызматтан кетиришкен. Бул тууралуу УКМКнын кызматкерлери жана өздүк булактан  маалымат беришти.

УКМКнын жамааты өздөрүн  коргой ала тургандыгын жана мыйзамдуу жолду тандаарын кабарлашты.

Учурдагы баш аламандыкта өздөрүн өздөрү шайлап, жетекчилик кызматка баргандар да мыйзамдуу жолго түшүп, мамлекеттин тычтыгын  жана стабилдүүлүгүн сактап калат деген үмүт  бар.

Булак: Абал кж