Урматтуу Кыргызстандыктар! Өлкөбүздөгү коопсуздукту сактоо,  жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоо биздин милдет. Бирок ички иштер министрлиги саясаттан тышкары жана эч бир саясий партиялардын кызыкчылыгын коргобойт жана көздөбөйт. Биз үчүн жалпы Кыргыз мамлекетинин коопсуздугу маанилүү.

Мен Жогорку Кенешке, 13 саясий партиялардын баардыгына кайрыламын, өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуунун мыйзамдуу процесси сиздердин колдо, ошол себептүү бул маселени тез арада чечип, өлкөбүздү кырдаалды укуктук талаага кайтарууга зарыл.

 Ошол эле убакта миңдеген жаштарга, элдик кошуундардын бардык мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдиремин. Сиздер өлкөбүздө жаралган оор кырдаал учурунда коомдук тартипти сактоодо зор салым коштуңуздар.

ИИМдин Басма Сөз кызматы