КР Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 65-беренесине, 87-беренесинин 1,2,3-бөлүктөрүнө, «КР Өкмөтү жөнүндө» КР конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүүсү кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дагы кызматтан кетти деп эсептелет.

Жарлыкка ылайык, КР Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарын ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык, КР Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну КР Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.

Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.