Бүгүн, 9-октябрда Бишкектин Административдик сотунда “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикмесинин Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 6-октябрындагы No249 токтомун жараксыз деп табуу боюнча доо арызы боюнча отурум болуп өттү. Бул тууралуу КР БШКнын басма сөз катчысы Марина Гречанная билдирди.

Отурумдун жыйынтыгында Административдик сот “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын” доо арызын канааттандырган жок.

Эсиңиздерге сала кетсек, 4-октябрь, жекшемби күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өткөн. Бул күнү өлкө боюнча шайлоо участкаларында көптөгөн мыйзам бузуулар катталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” көпчүлүк добушка ээ болушкан. Бул азыраак добуш алган партия мүчөлөрүнүн нааразычылыгын жаратты.

5-октябрда Бишкекте Ала-Тоо аянтына парламентке кирбей калган партиялардын миңдеген тарапкерлери чогулушту. Алар шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышты. Ал күнү кечинде митингди таркатуу аракети көрүлгөндө, митингчилер коопсуздук күчтөрү менен кагылышты. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдүн имаратын басып алышты.

Андан кийин алар УКМКнын имаратына барып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди камактан бошотушкан. Ошондой эле, Садыр Жапаров, Сапар Исаковдор ж.б. да бошотулган. 6-октябрь эрте менен демонстранттар өкмөт үйүн басып алышканы белгилүү болду.

Саясий партиялардын тарапкерлери мамлекеттик институттарды басып алып, партиялаштарын өз кызмат ордуна дайындашты.  Мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болгону айтылып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бирок, кийинчерээк генпрокурордун милдетин аткаруучу болуп Сыймык Жапыкеев тандалган. Кийин БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты.