Кыргызстандын 7 дубанынан куралган элдик кошуун Ак үйдү коргоодо. Бул тууралуу активисит Рыстан Садыров билдирди.

Анын айтымында, учурда социалдык тармактарда жана массалык маалыматтык каражаттарында Ак үйдүн имаратын тигил же бул партиянын тарапташтары басып алды деген маалыматтар чыгып жатат.

«Биз — Ак үйдү коргогусу келген элдин өкүлдөрүбүз. Биз массалык басып алууга каршыбыз жана мыйзамдуу өкмөт келгенден кийин объектти кайтарып берүүгө даярбыз», — деди ал.

Ошондой эле ал жарандарды учурдагы кырдаалды тынчтык жол менен жөнгө салууга чакырып, кайдыгер эмес адамдарга көрсөтүлгөн жадам үчүн ыраазычылык билдирди.

Элдик кошуундагы жаштардын жана активисттердин айтымында, алар Ак үйдүн имараты басылып алынгандан кийин келип, талап-тоноону токтотууга аракет кылышкан. Учурда алар Ак үйдүн имаратын коргоого алууда.