Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков өлкөнүн түштүгүндөгү коомдук тартипти сактоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурдагы кырдаалды жөнгө салуу максатында министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ош облусунда, Жалал-Абад облусунда жана Ош шаарында коомдук тартипти сактоону жергиликтүү милиция органдары менен биргеликте тиешелүү иш-чараларды координациялоодо.

Жергиликтүү милиция башкармалыктарынын башчылары жана өздүк курамы толугу менен кызматта болушуп, коомдук тартипти сактоодо элдик кошуундар менен биргеликте ар кандай укук бузууларга жол бербөө максатында эл арасында тиешелүү иштерди алып барышууда.

«Белгилеп кетсек, министрдин орун басары П. Асанов 26-сентябрдан бери коронавирус менен ооруп ооруканада дарыланып жаткан. Учурда ал амбулатордук режимде дарыланууда», — деп айтылат маалыматта.