Бишкек шаарындагы эксперименттик тез курулуучу 100 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштери 98%га аткарылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объект Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан 67 млн сомго каржыланды.

Учурда 4-блоктон турган объект бүткөрүү алдында турат. Подряддык уюм тарабынан имараттын чатыры жабылды, шыбы жылууланды, полдор бетондолуп бүттү, ички дубалдар гипсокартон менен чапталып, жасалгалоо жумуштары бүткөрүлдү, эшиктер жана терезелер орнотулду, сырткы дубалдар профнастил менен чапталды, сырткы тепкичтердин тосмо дубалдарынын бетон жумуштары аягына чыкты.

Андан тышкары желдетүү каналдары, сигнализация тармагы, ичүүчү суу түтүктөрү, канализация түтүктөрү орнотулду жана электрмонтаждоо жумуштары бүткөрүлдү.

Азыркы мезгилде ички дубалдарды сырдоо, линолеумду төшөө, санитардык түйүндөрдү кафель менен бетөө жумуштары жүргүзүлүүдө. Андан тышкары оорукананын аянтын көрктөндүрүү боюнча жумуштар аткарылып жатат.