Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде мыйзамсыз иш-аракеттердин алдын алуу, массалык башаламандыктарды уюштургандарды кармоо боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Ушул күндөрү УКМК жана Ички иштер министрлигинин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

«Кыйын кырдаалда ар кандай митингдерди уюштуруу оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин билдиребиз. Бизге ар кандай маалыматтар келип түшүүдө. Мындай учурда мыйзамдарга ылайык, узак мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жоопкерчилиги каралган», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгын тааныбаган тараптар нааразылык акциясына чыгып, ал башаламандыктар менен коштолду. Анын натыйжасында 19 жаштагы бала каза болду. Абакта жаткан бир топ саясатчы эркиндикке чыкты.