Ар кандай калайман башаламандыктарды уюштурууга күнөөлүүлөрдүн баары кийин мыйзамга ылайык жазаланат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

«УКМКга түшкөн ыкчам маалыматтарга ылайык айрым күчтөр өзүнүн саясий максаттарына жетүү үчүн ок атуучу куралды колдонуу менен чоң массалык башаламандыктарды уюштуруу аракеттери болушу мүмкүн. Ага байланыштуу УКМК менен ИИМдин өздү курамы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүп, мыйзамсыз аракеттерди каттоо, алдын алуу жана бөгөт коюу, массалык башаламандыктарды локализациялоо жана анын уюштуруучуларын кармоо үчүн мекемелер аралык ыкчам штаб түзүлдү», — деп билдирет УКМК.

УКМК өлкөдөгү коомдук-саясий абалды турукташтырууга кызыкдар тараптарга улуттук коопсуздук органдары тарабынан массалык башаламандыктарды уюштурууга жана өлкөдө ансыз да оор болуп турган кырдаалды туруксуздаштырууга ниеттенген адамдарды аныктоого көрүлүп жаткан чаралар күчөтүлгөнүн билдирет.

«Биздеги маалыматтар ылайык, учурдагы кырдаалда ар кандай митингдерди уюштуруу мыйзамга ылайык эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жоопкерчилиги каралган оор кесепеттерге алып келишине жол ачышы мүмкүн», — деп билдирет УКМК.