АМАН БОЛЧУ, КЫРГЫЗСТАН!

Кагылайын Кыргызстан, кагылайын,
Кайраттанып карууңду жаңылагын.
Каным, жаным дартыңа шыпаа болсо,
Канатыңды сун мага, дарылайын.

Өлбө өлкөм, балапан жаш чагыңда,
Өлөлү биз калганча арт жагыңда.
Уялаштар, аздектеп карегиңдей,
Урпактарга мекенди сактагыла.

Жара тартар бөрү көп жан-жагыңда,
Жүк бар билем опол тоо ай далыңда.
Элди ая, керемет Кыргызстаным,
Эссиз чыкты бектериң, хандарың да

Жүрөгүңдү жебедей көзөп өттүк,
Жүдөө кылдык, өйдө-ылдый көмөлөттүк.
Мыскыл кылып душманга бул доордо,
Мырза болчуң, биз сени чөгөлөттүк..

Ынтымаксыз күчтөрдөн арыдыңбы,
Ыйлап турам, өчүрбө жарыгыңды.
Ала-Тоом, биз сени жыргатпадык,
Аңкаябыз билбестен кадырыңды.

Айланайын, Кыргызстан, айланайын,
Аска-тооңду кучактап аймалайын.
Өчө көрбө, картадан өчө көрбө,
Катарын түк бузбасын тамгаларың.

Бүтүн болуп дайыма турууң керек,
А мен сага ырымды сунуум керек.
Бизди кечир, Ата журт, аман болсоң,
Бир доордо сен күткөн муун келет.

КЫРГЫЗ БОЛГУМ КЕЛЕТ

Ушул күнү негедир кайыкты дил,
Урпактар э-эй биздеги айыпты бил.
Кыргызмын деп мен азыр турган менен,
Кыргыздарга окшобойм байыркы бир.

Кадыр, каада бул күндө кайда калган,
Кайран кыргыз өз баркын жайлап алган.
Манас биздин бабабыз деген уят,
Майдаланган калк үчүн майдаланган.

Биз бир кезде тоолордой бийик элек,
Биз бир кезде майда эмес, ирик элек.
Жакшылыктар башталып биздин элден,
Жаратканга жардамчы билик элек.

Калбаганбы уруктук кайрандардан,
Карайлаймын нускасын тангандардан.
Бир кезекте аттиң ай, бир кезекте,
Бийик эле ар кыргыз пайгамбардан.

Улуу мыйзам сакталып жазылбаган,
Уютулуп улуу журт чачылбаган.
Ар бир жаран өзүнүн ордун билип,
Асыл наркын — насилин качырбаган.

Арамдыкты сындырып түзочүбүз,
Адалдыкты, актыкты күзөчүбүз,
Сактап турган теңдикти баардык жерде,
Окшош болчу Теңирге мүнөзүбүз.

Кыргыздардан кыргыздар туулбаган,
Кыйын мезгил өтүүдө шуулдаган.
Кыргыз болгум келет эй, Кыргыз болгум,
Кыргыз болуу дүйнөлүк улуу наам!

УЛУТПУЗ БИЗ!

Түндүк-түштүк, сай-сай деп чектегениң,
Түпкү атаңдын арбагын тепсегениң.
Бийлик үчүн мырзалар, бийлик үчүн,
Биримдигин элиңдин экчебегин.

Бир бүтүнгө айлансак улукпуз биз,
Бирикпесек улутту куруттук биз,
Кыр-кырлардан жыйналган жыйын эмес,
Кыргыз деген улутпуз, улутпуз биз.

Өрттөй көрбө быкшытып өзөгүңдү,
Өлтүрбөгүн өзүңдү, өз элиңди.
Ата-энеңден, жарыңдан, балдарыңдан,
Артыгырак сүй журтту, Мекениңди!

Өксүбөсүн бир бооруң жатындашы ,
Өмүр көксөп эч бир ок атылбасын.
Кыргызстандын жеринде сакта Кудай,
Кыргыз каны эми эч чачылбасын!

Зобололуу уул-кызың чыгаан болсун,
Зор биримдик биз үчүн курал болсун.
Кокту -колот, сай-сайга бөлүнбөгүн,
Кыргыз деген бир гана ураан болсун!

МЕНИН БАБАМ

Менин бабам мендей эмес башка эле,
Катаалдыкты каптап өткөн чегинбей.
Ашпай турган ашууларды ашты эле,
Азуусу миз мезгилдерге же илбей.

Кыя жолдон чубап улуу күчтөрү,
Кылымдардай кырка тарта өтүшкөн
Тоону көздөй көчүп жүрүп өздөрү,
Тоодой бийик, ыйык болуп кетишкен.

Бар өмүрүн ат жалында сүрүшүп,
Айга чейин алып учуп жарышкан.
Анан баары чексиздикке тунушуп,
Асман болуп, Теңир болуп калышкан.

Бийиктиктин билип эмне экенин,
Биз билбеген эчен сырды ачты эле.
Мен негедир өзүмдү ичтен эземин,
Менин бабам мендей эмес, башка эле.

АТА-ЖУРТКА ЖОЛУГУУ

Амансыңбы, мен дүйнөгө тамган жер,
Амансыңбы, балалыгым калган жер.
Асыл боюн коюнуңа сиңирип,
Амансыңбы, атакемди алган жер.

Эсиңдеби, күндөр сага калтырган,
Баео кезим тазалыкты жактырган.
Азыр башка, башка… болуп жүрөм мен,
Көңүл калып көптү күткөн тагдырдан.

Текке чачпай келген өмүр кезегин,
Боломун,-деп, -намысң да, беделиң.
Кеткем сенин үмүтүңдү артынып,
Кечиктимби… кечир мени Мекеним!

Жашоо татаал, бирок жакшы жагы бар,
Жаркыраган улуу үмүт шамы бар.
Кейибей тур кулунуңа, Ата-Журт,
Келечектин дагы атар таңы бар…

МЕН — КЫРГЫЗМЫН!

Мен — кыргызмын, сатылбаган, сатпаган!
Мен — кыргызмын, баба наркын сактаган!
Ата Журтка жасасам деп бир эмгек
Ар күн сайын «Чоң казатка» аттанам.

Мен — кыргызмын, асман-жерге жашташмын!
Эзелкимин, келечекмин, максатмын.
Кылы дагы кыйшайганын каалабайм
Кырчылдаган «КЫРГЫЗ» деген жакшы аттын!

Мен — кыргызмын, түгөнөөрдө түтөгөн!
Мен — кыргызмын жок болордо күчөгөн!
Мен — кыргызмын, тарыхым бар, тилим бар,
Мезгилдин да ой-чуңкурун түзөгөн.

Мен — кыргызмын, жөнөкөймүн, улуумун!
Мертинтпеген эчен азап, улуумун.
Кылымдарга улап кетер дагы да
Кыргызмын мен, эр Манаска муунмун!

Акын Зайырбек Ажыматов