Жогорку Кеңештин жыйыны эртең, 10-октябрда өтөт. Депутаттар «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жолуга турганын АКИpress агенттигине вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.

Анын маалыматы боюнча, күн тартибинде өзгөчө абал режимин бекитүү, Садыр Жапаровдун талапкерлигин премьер-министр кызматына бекитүү маселелери каралат.