Кыргызстанда 10-октябрь саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 307 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:
- Бишкек — 53
- Ош — 17
- Чүй облусу – 16
- Ош облусу — 69
- Талас облусу – 7
- Нарын облусу – 3
- Ысык-Көл облусу – 12
- Жалал-Абад облусу – 59
- Баткен облусу — 71
Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 48 миң 924 адамга жетти.