Бир сутка ичинде 130 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Айыгып чыккандар:
Бишкек шаарында – 16,
Ош шаарында – 13,
Чүй облусунда — 12,
Ош облусунда – 31,
Нарын облусунда — 14,
Талас облусунда 1,
Ысык-Көл облусунда – 5,
Жалал-Абад облусунда – 28,
Баткен облусунда – 10 бейтап коронавирустан айыкты.
Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 44 миң 227 адамга жетти.