Акыркы күндөрү өлкөбүздө болуп жаткан баш-аламандыкка кыргыз эли кыжаалат болуп турган кез. Кыргызстандагы азыркы курч абалга тынчсыздангандыктарын билдиришүүдө. Драматург, театр жана кино режиссеру Жаныш Кулмамбетов Фейсбук баракчасына депутаттарга кайрылуу жасады.

“Урматтуу депутаттар!
Мен эч бир саясий партияга тиешеси жок чыгармачыл адаммын. Кыргызстандын бейкуттукту каалаган көптөгөн граждандары сыяктуу эле, мени да өтө кабатырланткан көрүнүш – азыркы курч коомдук-саясий абал.
Сиздер, урматтуу депутаттар, эң сонун түшүнүп жатсаңыздар керек, биздин өлкө граждандык согуштун босогосунда турганын. Митингчилердин кечээки Ала-Тоо аянтындагы эки жаат болуп тиреше кеткени мунун бир гана белгиси. Тилекке каршы, коомдогу абал болочокто элибизди өтө чоң трагедияларга алып келе турган өтө радикалдуу фазага өтө баштады. Аны өзүңүздөр көрүп жатасыздр.
Ушундай опурталдуу шартта, азыркы Кыргызстандын келечеги Сиздердин гана колуңуздарда. Кыргыз эли эртең бейкуттуктун жолуна түшөбү, же өз ара кан төгүшүүнүн кучагына киреби – сиздердин чечимиңиздерге жараша болот. Эгерде, энелер балдарынан, наристелер аталарынан айрылып – кан суудай аккан трагедияга Кыргызстандын туш келишин каалабасаңыздар (а мен Сиздердин эч кимиңиздердин андайды каалабашыңыздарга ишенем), анда азыркы саясий конъюнктурага жараша чечим кабыл алат болушуңуздар керек деген үмүттөмүн.
“Саясий конъюнктурага жараша” дегеним, биринчи ирээтте, ушундай татаал кырдаалда, Мыктыбек Абдылдаев сыяктуу алабармандыкка, кызуу кандуулукка берилбеген, токтоо, сабырдуу, калыс инсанды спикерликке шайласаңыздар, курч абалдан чыгууга өбөлгө түзүлөт го деген ойдомун. Экинчиден, Сиздер кааласаңыздар да, каалабасаңыздар да бүгүн Садыр Жапаров улуттук масштабдагы геройго айланып турган учуру. Жеке гана аянттагы минтингчилер эмес, коомдук пикирдин басымдуу проценти бир гана Садыр Жапаровдун премьер-министр болушун каалап жатканын соцтармактардан да, эл арасынан да угуп-көрүп жатабыз. Демек, бүгүнкү болуп көрбөгөндөй коомдук чыңалуунунун градусун төмөндөтө турган, Кыргызстандын бейкуттугун камсыз кыла турган Садыр Жапаровдун фигурасы экенин моюнга алууга тура келет. Андыктан ушул факторду эске алып, Сиздер антипатия-симпатияңыздардан жогору болуп, Кыргызстанды Афганистандагы, Сомалидегидей граждандык согушка жеткирбей, көпчүлүктүн мүдөөсүнө, азыркы кырдаалга жараша акыл-эстүү чечим кабыл алат деген үмүттөмүн.
Ушундай жол менен Сиздер Кыргызтанды сактап кала аласыздар.
Ишиңиздерге ийгилик!” – деп жазды.