Ушунчанарда эсинерге келгиле! Кече Форумдан чыккан Атамбаевдин жана Өмүрбек Бабановдун тарапташтары элди Ала-Тоо аянтына атайын алып келип, провокация уюштурганга аракеттеништи.

Топ-топ болуп жаалданып турган топ адамдардын арасына экинчи топту алып келүүнүн өзү кан күсөгөндүк, адамдарды тикелей согушка үндөө. Ушунун баарын билип туруп, бул оппозициялык саясий бирикме элди от менен канга бөлөп коёо жаздады.

Ушундан улам суроо туулат. Атамбаев жана анын командасына элдин канынан, бийлик кумарынан башка эмне керек? Карапайым элде дагы ала элек кандай өчүңөр бар?