Кайгылуу, өкүнүчтүү …

Менин сүйүктүү Мекеним, Кыргыз мамлекетим дагы бир ирет жабыркады! Жөнөкөй жарандарды курал катары колдонуп, андан кийин баягы эле карапайым, карангы жашооңор менен жашай бергиле деп түртүп койуусу өкүндүрөт.

Саясатчылар мамлекетти талкалап, бөлүп-жарбай, мамлекетти коргоп, өнүктүрүүшү керек. Биздин өлкө өнүгүүгө муктаж, анын дарамети зор.

Революциядан кийинки бир топ жылдар өткөн соң 2019-жылы биринчи жолу Кыргыз Республикасында 1 миллиард АКШ долларынан ашык түз жеке инвестициялар катталды. Бирок, 2020 жыл биздин биримдигибиздин чоң сыноосу болду, биз коронавирус пандемиясына каршы бүткүл дүйнөлүк коомчулук сыяктуу биргеликте күрөшүп, эми бекемдүүлүктүн сыноосун өтүп жатабыз. Эч кандай жеке саясий кызыкчылыктар адам курмандыгына арзыбайт.

Бөлүнүү, элдин биримдигин бузуу чоң күнөө.

Учурдагы туруксуздук жана саясий кризис мамлекетибиздин кадыр-баркына терс таасирин гана тийгизбестен, өлкөнүн өнүгүүсүн көптөгөн жылдарга артка таштайт. Жаңы өкмөт Covid дартынын кесепеттеринен аз келгенсип, эми акыркы күндөрү болуп өткөн окуялардын кесепетинен жүз эсе көбөйгөн чоң көйгөйлөргө туш болот. Отуз жыл ичинде азаптардан арылбаган экономикабыз кайрадан чоң көйгөйлөргө белчеден малынууда, кадыр-баркы тебеленди. Кабыргам куушуп турган кез. Айла канча!

Дүйнө тездик менен өзгөрүп жатат. Өнүккөн мамлекеттер жумушчу орундар, заманбап жетишкендиктер жана татыктуу жашоосу менен кызыктуу болуп баратат. Ошол эле учурда өнүккөн, өнүгүп келе жаткан жана жакыр өлкөлөрдүн ортосундагы ажырым жоюлгус болуп калат. Эгемендүү болгондон бери жетиштүү жылдар өтүп, өлкөдө дагы деле болсо сапаттуу медициналык кызматтар, кадыр-барктуу билим берүү мекемелери, жогорку сапаттуу транспорттук инфраструктура жетишсиз. Стратегиялык жактан алганда, биз уттуруп жатабыз, мекендештерибиз кетүүгө аргасыз, башка өлкөлөрдө өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу шарттарын көрүп жатышканы далил. Өлкөдө жумуш орундарын түзмөйүнчө, жергиликтүү бизнес корголбосо жана инвестордун кызыкчылыгы стратегиялык милдет катарына көтөрүлмөйүнчө, чет өлкөгө багытталган миграциянын пайызынын өсүшү токтобойт. Бардык өнүккөн өлкөлөрдө тажрыйбалуу, билими жетиштүү жана квалификацияга ээ болгон адистер мамлекеттик башкарууга системалуу түрдө келишет.

Кайгылуу, өзүбүздү өзүбүз дагы бир ирет артка таштадык.

Биздин өлкө — Борбордук Азиянын маанилүү жана ажырагыс бөлүгү, ал эми Борбордук Азия зор Евразия континентинде барган сайын маанилүү аймакка айланып бара жатканы анык.

Бул жерде чоң жоопкерчиликти сезүү керек!

Биздин урпактар ​​мындай каталарды кечирбейт!