2020-жылдын 10-октябрь күнү саат 16:00до «Ала-Тоо» аянтында бардык күч түзүмдөрүнүн катышуусу менен Бишкек гарнизонунун саптык тескемеси өттү. Аталган иш-чара тартылган күчтөр менен каражаттардын даярдыгын текшерүү жана тескеме өткөрүү максатында өтүп, ага ички иштер министрлигинин, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Бүгүндөн баштап коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал режими киргизилгендигин эскертебиз. Коомдук тартипти камсыздоого тартылган ИИМдин бөлүмдөрүнө, Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскерлерине, башка укук коргоо органдарына жана ыктыярдуу элдик кошуундарына саптык кароо менен тескемени Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков өткөрдү.

Бишкек шаарынын аймагында укуктук тартипти камсыздоо боюнча чаралар башка укук коргоо органдары менен укук коргоо багытындагы коомдук бирикмелердин кызматташуусу аркылуу ишке ашырылат. Министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков өздүк курамды коомдук тартипти камсыздоого, укук бузууларды болтурбоого, түшкөн маалыматтарга ыкчам аракеттерди көрүүгө, шаардын аймагында ыкчам кырдаалды турукташтырууга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, аскер кызматкерлеринин, ыктыярдуу элдик кошуундардын өкүлдөрүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги Таалайбек Өмүралиев жана элдик кошуундар союзунун өкүлү Данияр Тербишалиев чыгып сүйлөп, өлкө үчүн оор учурда коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо, туруктуулукту сактоо боюнча бирдиктүү күч-аракеттерди кабыл алуу зарылдыгын белгилешти. Саптык тескеменин аягында түнкү кайгулдоо кезметтери жер-жерлерде кызмат өтөөгө кетишти.

ИИМдин Басма сөз кызматы