Учурда А.Атамбаевдин балдары массалык баш аламандыктар фактылары боюнча күбө катары кармалган. 2020-жылдын 9-октябрындагы Бишкек шаарындагы окуялар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 264-беренесинин (Массалык баш аламандыктарды уюштуруу) негизинде иш козголуп ал кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Аталган кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын атайын кызматтары тарабынан 1998-жылы туулган Т.Султанбеков, 1976-жылы туулган С.Атамбаев, 1981-жылы туулган А.Арматов жана 1993-жылы туулган К.Атамбаевдер күбө катарында кармалып ИИМдин Тергөө кызматына алынып келинген. Азыр К.Атамбаев менен С.Атамбаев тиешелүү көрсөтмөлөрүн күбө катарында бергенден кийин үйлөрүнө койо берилди. Ал эми Т.Султанбеков менен.А.Арматов ИИМдин Тергөө кызматында күбө катарында көрсөтмөлөрүн берүүдө.

ИИМдин Басма Сөз кызматы