Бүгүн өздүк курамга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров  жаңы  дайындалган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбековду тааныштырды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлады.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин башкы башкармалыгынын, башкармалыгынын жана кызматтарынан башчылары катышты.

 Премьер-министр Садыр Жапаров Улан Ниязбековду  башкаруучулук иштерде тажрыйбалуу жаш кадр экендигин баса белгиледи. Улан Ниязбеков  ыкчам кырдаалда кыраакылыгын көрсөткөн кесипкөй сабаттуу жетекчи. Мен анын уюштуруучулук жөндөмү менен тажрыйбасы алдына коюлган тапшырмаларды так аткарууга мүмкүндүк берет деп толук ишеним көрсөтөм. Өзүңүздөрдүн араңыздардан чыккан  иш-тажрыйбасы бар кадрлардын бири. Сиздер дагы министриңерди  жакшы кабыл алат деген ойдомун.  Бүгүнкү күнү өлкөдө оор кырдаал түзүлүп калды. Башыбыздан үчүнчү төңкөрүштү өткөрүп жатабыз. Мына сиздер милиция кызматкерлери бул массалык баш аламандыкка туруштук берип, баш аламандыкты алдын алууга,  өлкөдө тынчтыкты, туруктуулукту сактап калууга чоң салымыңыздарды кошуп жатасыздар. Мен сиздерге терең ыраазычылык билдирем.  Ички иштер министрлигинин өздүк курамына Кыргыз Республикасынын аймагында коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо, өлкөдө туруктуулукту сактоо боюнча тапшырмаларды аткарууда ийгиликтерди каалайм»-деп баса белгиледи.

     Ички иштер министри Улан Ниязбеков ага көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, министрликтин өздүк курамынын колдоосу менен ага көрсөтүлгөн ишенимди толук актап, алдына коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Малымат иретинде:

Ниязбеков Улан Омоканович 1975-жылы туулган. Билими жогорку, Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. Кесиби юрист.

•             Куралдуу күчтөрдүн катарында 1993-1994-жылдары катардагы жоокер катары кызмат өтөгөн.

•             Күч структураларында кызмат өтөө 1998-жылдан башталып Чүй областынын Аламүдүн жана Ысык Ата райондорунун каржы полициясынын ыкчам кызматкери, андан кийин Чүй жана Талас областынын каржы полициясынын бөлүм башчысы,

•             2008-жылдан  тартып ички иштер органдарында кызмат өтөй баштаган. Ал Баткен областынын жана Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыктарында коомдук коопсуздукту сактоо багытында ишмердүүлүгүн уланткан.

•             2010-жылы министрдин жардамчысы,

•             2011-жылдан баштап ИИМдин Каржы-чарба башкы башкармылыгынын башчысы, андан кийин азыркы мезгилге чейин ИИМдин 7-башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматында иштеп келген.