Бүгүн, 11-октябрда УКМКнын жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, “Электр станциялары” ААКнын экс-башкы директору Салайдин Авазов камакка алынды, ал 2020-жылдын 5-октябрынан 6-октябрына караган түнү түрмөдөн мыйзамсыз бошотулган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Салайдин Авазов КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесине жеткирилип, ал жерде жазасын өтөй берет.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКны басып алышты.

Бул күнү камакта отурган бир нече саясатчылар абактан бошотулган.