“Сооронбай Жээнбеков кызматынан кетпейт”, – айтымчы Света Тойгонбаева

Айтымчы Света Тойгонбаевага учурдагы кырдаал тууралуу маек берип, анда азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берген.

– Света айым, кырдаал курч, президенттин тагдыры кандай болот?

– Сооронбай Жээнбеков кызматынан кетпейт. Кете турган убактысы келген жок. Азыр бул кызматта олтурат. Ден соолугу бир аз түйшөлтүп турат. Сооронбай Жээнбековго кандайдыр бир кара күчтөр бар. Тактан түшүрөбүз, каматабыз дегендер көп. Бирок калктын 80% бул кишини колдойт. Президент Сооронбай Жээнбековго эки мамлекет жардам бергенге даяр, бирок кызмат ордунда калат. Алдыда 3 жакшы ийгилик күтүп турат. Мен буга чейин дагы айтканмын, чоң кагылышуу болот деп, сиздер жазбай койдуңуздар.

– Аткаминерлердин абалы кандай болот?

– Кыргызстанда бир-эки аткаминердин өмүрүнө кол салуу болот, этият болушу керек.

Бир нече мүнөттөрдөн кийин учурдагы “бийлик” үчүн күрөшкөндөрдүн тагдыры тууралуу айткандарын окурмандарга сунуштайбыз.

Булак: NazarNews.kg