????????????????????????????????????

Бүгүн,12-октябрдан тартып МККнын  бардык бөлүмдөрү кадимки режимде иштей баштайт. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Калкты тейлөө борборлору, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрү, «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасы, архивдер тарабынан иш улантылаары такталды.

«Жарандар МККнын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча саат 9.00дөн 18.00гө чейин 119-Call-борборунан маалымат ала алышат», — деп билдиришти МККдан.

Эске салсак, 9-октябрда Бишкек шаарындагы МККнын бөлүмдөрү туруксуз кырдаалга байланыштуу жабылган.