Ашыкча салмагы бар адамдар коронавируска кабылса каза болуу ыктымалдыгы 48 пайызга жогорулайт. Мындай ойду Россиянын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Салагай билдиргенине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Анын айтымында, мындай пикир бүгүнкү турмушта жүргүзүлгөн изилдөөлөргө негизделет.

“400 миңдей бейтапка жүргүзүлгөн иликтөөлөр көрсөткөндөй, коронавирус жуктурган семиз адамдар ооруканага түшүп калуу ыктымалдыгы 113 пайыз, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калуу ыктымалдыгы 74 пайыз. Ал эми 48 пайызында каза болуу ыктымалдыгы бар”, — деп айтылат маалыматта.

Ал кошумчалагандай, ашыкча салмактан арылуу — коронавирус инфекциясын жана анын терс кесепеттерин алдын алуунун эң натыйжалуу жолдору болуп саналат.