…улуттук лидерде, улуттук РЕФОРМАТОРдо кандай өзгөчөлүктөр болуш керек? Көздү жуму-уууп телмире ойлоном…

Мигалкалары гыйкуулаган картежи жок эле пропкеде эл катары жумушка баруубу? Сел каптаган айылга жетип бара калып өтүк менен ылай кечип, элге көнүл айтуубу?

Жаан жааса зонтикти жардамчыларына карматпай өзү эле кармаганга жараган карапайымдыкпы?

Орозо кармап, беш маал намазды калтырбай, кабинетиндеги илгичте жайнамаз, үстөлүндө Куран турган адатпы? Аскерлерден кабар алып алар менен кошо ботко жеп, компот ичүүбү? Башына дайыма калпак кийип, кичипейилдик менен элине жаркылдап күлүп, саяаасый-мадаааный жактан дух берүүбү?

 Салтанаттарда жөнөкөй элге аралаша кетип, эл менен кошо анжыян бийин бийлөөбү? Өзүнчө учакка түшөм дебей, эл учкан самалетто эл менен кошо учуубу? Эл жүрөгүн элжиреткен ырларды гитара чертип ырдап-боздообу? Чек арада чыр чыкса элге байкуш көрүнбөй «тизелебейм!чөгөлөбөйм!!!» деп баркылдай сүйлөп эр жүрөктүүлүк кылуубу?

Кайсы бир чиновник ишинен шалаакылык кылса, эл көзүнчө «эй тур ордуңан! эл кыйналып атса сен неге ишиңи так аткарбайсың ыя!!?» деп каарып, иштен айдап ийип элдин табаасын кандырган даң-даң кадамдарды жасообу?

Жок. Жогорудагылардын баарын мен АДАМГА мүнөздүү мыкты сапаттар гана деп эсептейм, бул ар инсанда болушу керек болгон керемет, сонун, укмуш, супер, зыңк, ниччешный сапаттар. А реформаторлук үчүн мынашул сапаттардын болгонунун өзү эле жетиштүү дегендик, менимче чоң жаңылыштык!

Улуттук лидер менимче, элди: жакшылар менен жамандарга, эскилер менен жаңыларга, шаардыктар менен айылдыктарга, кремилчилер менен батышчылдарга, динчилдер менен атеисттерге, бийликчилдер менен оппозиционерлерге бөлбөйт, аларды бир бирине кайраштырбайт.

Бирин бөтөн, бирин өз деп жик салбай, ачуу сын айтканды жаман көрбөй, кектебей, куугунтуктабай, ишин көмүскө кишилер менен көмүскө жүргүзбөй ачык, калыс, акыйкат жүргүзөт. Өнүккөн өлкөлөрдүн системасына, новаторлук жактарына маани берип ошону түшүнгөн кишилерди, кадрларды угат, тыңдайт, аларды жанына топтоп Кыргызстандын саясый-экономикалык моделине ылайыктап реалдуу стратегия түзөт. Ошол стратегияга жанын берип, башын сайып коргойт, далилдейт. Элди чындап ынандырат. Эл ынанса, саясый тараптар ынанса, командасы ынанса — так ошондой киши УЛУТТУК ЛИДЕР боло алат.

Ак аргымак минген баатыр Манас, же жаңыча ойлонгон Ли Куан Йу, чоң бурулуш жасаган Ден Сяопиндер же Ататүрктөр жомоктогудай болуп тээ Ала-Тоонун кырынан жарк этип пайда болуп нурлуу жол менен дөңдөн ылдый түшүп келип сыйкыр таягы менен «сүфф!» деп жашоону кулпуртуп ийбейт.

Реформатор лидер дегенибиз — биз билип эле жүргөн, биз көрүп эле жүргөн, буга чейин көп жаңылган, көп катачылык кетирген, көп президенттерибиздин, көп саясатчыларыбыздын жаңылыштыктарын өзүнчө анализ кылып ойлонгон, балким нечен бир түндөрдө эч кимге көргөзбөй «кайран элим!..» деп ичтен ыйлаган, баарыбызга жакшы тааныш эле киши болуп чыгышы толук ыктымал…