Кыргызстанда болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсү тууралуу коомчулукта ар түрдүү пикирлер айтылып жатат. Төмөндө саясатчы Эмилбек Каптагаевдин президент укуктук талаага мамлекетти алып келмейин кеткени туура эмес, жоопкерчиликсиз кадам болуп калары тууралуу фейсбук социалдык тармагындагы баракчасындагы пикирин сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүк. Пикир өзгөртүүсүз берилди.

Президент Жээнбеков «кетем деди» деп аянтта дагы, Жогорку Кеңештин трибунасынан да айтылды… Бул кабар желдей тарап кетти… кубаттагандар да бар, кабатыр болгондор да бар, каршы болгондор да бар… Балким чынында эле ал киши ошондой маанайда отургандыр, ойлонуп аткандыр, толгонуп аткандыр… Мамлекеттин, элдин жүгү оңой жүк эмес…

Аргысыздыктан, эл экиге бөлүнүп чабышып кан төгүлүүдөн кооптонгонунан, ошондой коогалаңга кабылып бүлүнүүдөн өлкөнү коргогусу келгенден улам ошондой чечимге келип жаткандыр… өзүнүн жеке бийлигинен, мансабынан жалпы кызыкчылыкты жогору коюп… «Кызматтан кетем деп айтып алгандан кийин кетиши керек» — деген пикир айтылып жатат… Жөнөкөй логикага таянсак бул туура… Бирок МАМЛЕКЕТТИК көз караштан алганда бул туура болобу? Кеп мына ушунда…

Мамлекет — бул оюнчук эмес. Ушул маселе боюнча бир нерсени биз ачык айтуубуз зарыл: Президент Жээнбековдун ушундай кырдаалда баса берем дегени качып кеткенге тете… жоопкерчиликсиз кадам болуп калат… Өлкө толук укуктук нукка түшмөйүнчө президент өз милдетин аткарууга милдеттүү. Анткени азыр МАМЛЕКЕТТИК ЖОГОРКУ БИЙЛИКТИ калтырып кете турган ЖОГОРКУ КЕҢЕШ өзү легитимсиз… элдин ишениминен чыккан… Ушул курамдагы депутаттардын көпчүлүгүнүн күнөөсү менен өлкө ушундай коогалаң күндөрдү баштан кечирип жатат…

Президент Жээнбеков кызматтан кете турган болсо Садыр Жапаровдун Өкмөтүн тезинен бекитип, иштөөгө мүмкүнчүлүк берип, андан кийин жаңы шайлоону тезинен өткөрүп, Жогорку Кеңештин жаңы курамы астында өз ыктыяры менен арызын берип, мамлекеттик эң жогорку бийликти жаңы шайланган Төрагага тапшырып кетиши зарыл. Андан кийин Президенттик шайлоо болуп, эл колдогон киши Президент болуп, өлкөдө мыйзамдуулук орношу керек. Садыр Жапаровду эл колдоп турса мына ошондо толук кандуу, толук легитимдүү Президент болуп келет.

Мына ошондон кийин гана Конституциялык реформа жөнүндө, мамлекеттик жана коомдук түзүмдүн келечеги жөнүндө талкуу башталганы туура, азыр тезинен бул маселени көтөрүп жаткандар Өлкөнү укуктук башаламандыкка андан ары тереңдетип түртүп жаткандар. Ушуну да туура түшүнүү зарыл деп ойлойм.