Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Соцфонддун Call-борборуна 3232 кайрылуу келип түшкөн. Андан тышкары сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 982 сайт аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн.
КР Соцфондунун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.